Бишкек шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык чемпионатта Медицина факультетинин студенти Чынара Ахматалиева алтын медалга ээ болду. Ал 64 килограмм салмакта күч сынашкан.
Мелдеш 25-27-октябрда өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан спортчулары катышты.
Ахматалиева жакынкы күндөрү өтө турган Кыргызстандын чемпионатына даярданууда.
Чынара Ахматалиева беш жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал буга чейин Кыргызстандын эки жолку жана эл аралык чемпионаттын эки жолку жеңүүчүсү болгон. Спорт чебери. Учурда медицина факультетинин дарылоо адистигинде билим алат.