Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Интербилим” уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева жана Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров 29-октябрда ОшМУда студенттер менен жолугушту.
"Катыш! Танда! Шайла!"деп аталган иш-чарада студенттер жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү боюнча маалыматтарды алып, кызыктырган суроолоруна жооп алды. Андан тышкары жаштардын шайлоодогу орду тууралуу сөз болду.
Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленген долбоордун алкагында уюштурулду.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.