ОшМУ: чет өлкөлүк студенттерге коопсуздук эрежелери, виза боюнча түшүндүрүү иштери өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: чет өлкөлүк студенттерге коопсуздук эрежелери, виза боюнча түшүндүрүү иштери өттү

Image

29-октябрда Ош мамлекеттик университетинде билим алган 400гө жакын чет өлкөлүк студентке маалымат  жыйын  уюштурулду. Анда тиешелүү адистер виза маселеси, каттоо эрежелери, чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана полис албоонун кесепеттери боюнча  маалымат беришти. 

Ал эми укук коргоо органдары мыйзамсыз миграция, Кыргызстанда жүрүү тартиби, жүрүм-турум эрежелерин этикалык нормаларды түшүндүрүп беришти. 

Жыйынга Ош шаардык милициясынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы  Эрнист Полотов, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Оштогу бөлүмүнүн директору Максымбек Омокеев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык калкты тейлөө борборунан, Creators студенттик бирикмесинен, Ички иштер министрлигинин коргоо кызматынан өкүлдөр жана окутуучулар катышты.

Студенттер Кыргызстандын жарандыгын алуу, медициналык камсыздандыруудан өтүүнүн оптималдуу жолдору, майыптыгы бар студенттерди камсыздандырууда берилүүчү жеңилдиктер боюнча маалымат алышты. Мындан тышкары мыйзамдуу жумушка орношуу, жашаган жери боюнча каттоого туруу боюнча суроолорду беришти. 

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан студенттердин жана университеттин коопсуздугун камсыздоодо жасалып жаткан иштер айтылды. Мыйзамсыз миграция каналына жол бербөө максатында ОшМУнун коопсуздук жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмдөрү абитуриенттерди кабыл алууда документтерди дыкат текшерип, жасалмалары өтүп кетишине жол бербөө чараларын көрүүнү “котрактёрлорго” эскертти.

Аталган жолугушуу эл аралык тилдер борбору, коопсуздук кызматы жана эл аралык байланыштар департаменти тарабынан уюштурулду.

 

Фото галерея