“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору жыйынтыкталууда

Башкы Жаңылыктар

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору жыйынтыкталууда

Image

1-ноябрда Бишкекте “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттеринин төрагалары, депутаттар, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жэнг Ву катышты.
Жыйынга ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин мурдагы директору Олжобай Шаимкулов, жаңы дайындалган директор Мирлан Манашов жана бөлүм башчы Токтайым Умурбекова чакырылды.
Анда колледждерде уюшулган Алдыңкы тажрыйба борборлорундагы аткарылган иштер тууралуу баяндамалар жасалып, студенттер даярдаган костюмдар дефиледе көрсөтүлдү. Конференцияда депутаттар, эксперттер аталган долбоордун максаттуу ишке ашканын белгилеп, анын алга жылышына салым кошкон жетекчилерге ыраазычылык билдиришти.
Долбоор өлкөдөгү кесиптик билим берүүнү колдоо, аймактардагы колледждердин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлорун (АТБ) түзүү максатында ишке ашууда. Анын алкагында кесиптик билим алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларын колдоо каралган

Фото галерея