Теджо шаарында өткөн спорттук мелдеште ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттери биринчи орунду ээлеп, баалуу белектер менен сыйланды. Турнирге "Чыгыш таануу, африка таануу" жана "Лингвистика" багытында билим алгандар бир курама команда болуп катышкан.
Мелдеш 2-ноябрда спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча болгон. Ага Кореянын аймагында билим алып жүргөн чет өлкөлүк студенттер катышкан.
Чыгыш таануу институтунун 30га жакын студенти учурда Кореяда билим ал. Алар 2024-жылдын күзгү семестрин ошол жактан тапшырат. Студенттер окуусун Ханбат, Моквон, Пей Чей, Ансан, Пусан, Конкук, Индок, Совон, Кенмин университеттеринде улантууда.