Студенттер кыргыз тили боюнча изилдөө жүргүзүштү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер кыргыз тили боюнча изилдөө жүргүзүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогика колледжинин студенттери кыргыз тили боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар атайын илимий макалаларды даярдашкан. Бүгүн, 14-ноябрда коллежде өткөн илимий семинарда эмгектери боюнча баяндама жасашты.

“Кыргыз тили - билим, маданият жана илимдин тили” аталышында иш чарага окуу жайдын тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, окутуучулар жана студенттер катышты. Анда кыргыз орфографиясынын тарыхы, кыргыз тилине кирген жаңы сөздөрдүн лексикага кошулуусу, кыргыз адабий чыгармалардагы эне тилдин колдонулушу тууралуу баяндамалар окулду.

Иш-чара кыргыз тилинин 35 жылдыгына карата ОшМУда жарыялданган үч айлыктын алкагында уюштурулду. Максат - студенттерди илимге, билимге жакындатуу.

 

Фото галерея