ОшМУда билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу маселеси каралууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу маселеси каралууда

Image

Ноябрдын башында окуу жайдын окуу-усулдук бирикмесинин координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү. Анда бирикменин жана “ОшМУда билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жоболор талкууланды. Мындан сырткары “Билим берүү стандарттарын иштеп чыгуунун Макети” жана эксперименталдык окуу пландары жактырылды. Окуу жайда ишке ашырылып жаткан багыттар боюнча жогору аталган макеттин негизинде, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алынды. 

Онлайн жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров, окутуучулар, чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдордон өкүлдөр, иш берүүчүлөр катышты. 

Буга чейин университетте өзгөчө макамдын алкагында туруктуу өнүгүү программасын ишке ашыруунун жети стратегиялык приоритети иштелип чыккан. Аны ишке ашыруу максатында окуу жайда бир топ жаңы системалар киргизилип, структуралар түзүлгөн. 

Окуу-билим берүү ишмердүүлүгүн трансформацияло аталган жети стратегиялык приоритеттин бири болуп эсептелет. Аны ишке ашыруу үчүн университетте Окуу-усулдук бирикме түзүлгөн

 

Фото галерея