ОшМУ Казакстандын үч ЖОЖу менен кызматташтыкты бекемдейт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Казакстандын үч ЖОЖу менен кызматташтыкты бекемдейт

Image

Окуу жайга бүгүн, 19-ноябрда Казакстандагы Ч.Валиханов атындагы Көкшетау университетинин, Ы. Алтынсарин атындагы Аркалык педагогикалык институтунун жана С. Аманжолов атындагы Чыгыш-Казакстан университетинин жетекчилери жана окумуштуулары иш сапары менен келишти. Делегация окуу жайда ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугуп, маданий, илимий жана билим берүү багытындагы иш-чараларга күбө болушту.

Жолугушууда Көкшетау университетинин ректору Марат Сырлыбаев, Аркалык педагогикалык институтунун ректору Ержан Амирбек уулу, Чыгыш-Казакстан университетинин окуу иштери боюнча проректору Досым Ерболат өздөрүнүн окуу жайы тууралуу маалымат берип, ОшМУ менен билим берүү, илим изилдөө академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташууга кызыктар экенин айтышты.

Ержан Амирбек уулу ОшМУдан бир профессорду аларга жөнөтүү сунушун берди. Анын жол акы, чыгымдарын, айлык маяналарын төлөп беришет. Ошол эле учурда алар жазгы семестрде 30 студентин ОшМУга жөнөтөт. Ал эми ОшМУдан 30 студентти академиялык мобилдүүлүккө кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.

Коноктор окуу жайдын санариптик билим берүү системасы, окуу имараттары, медициналык клиникалары, “Келечек муундун ХАБы” борборунда да болушту.  

Иш-чара жогорку окуу жайлар арасында кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий изилдөөлөр жана инновация боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Делегация иш сапардын  алкагында окумуштуулар жана студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, келечектеги кызматташтыктарды талкуулашат. 

 

Фото галерея