23-ноябрда Бишкекте өткөн бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатында ОшМУнун магистранты Исламбек Тургунов биринчи орунду алды. Ал 75 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан. Ал эми Баяман Азизбек уулу (60 кг) экинчи, Нурсаид Иминджанов (71 кг) үчүнчү орунга ээ болушту.
Мелдешке өлкө аймактарынан келген 120 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана бокс федерациясы тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Студенттерди аталган мелдешке Кыргызстандын эмгек сиңирген жана ОшМУнун бокс боюнча жооптуу машыктыруучусу Турдалы Оморов менен эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаев даярдаган.