ОшМУнун тарых жана юридика институтунун доценти Сыдык Смадияров Батыш Чех унверситетинин Философия факультетинин юбилейлик медалы менен сыйланды. Медалды ага аталган окуу жайдын ректору Мирослав Ловичку тапшырган.
Смадияровго сыйлык эки университеттин ортосундагы илимий, педагогикалык кызматташууга кошкон салымы үчүн берилди.
Сыдык Смадияров окумуштуу катары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
Ушул күндөрү Тарых жана юридика институтунун окутуучулары Сабыр Арстанов, Сыдык Смадияров жана Самара Осмонова академиялык мобилдүүлүк программасынынын алкагында Батыш Чех университетинде жүрүшөт. Алар студенттерге конок лекция окуп, илимий изилдөөлөрү үчүн маалымат чогултушат.
ОшМУ Батыш Чех университети менен 2018-жылдан бери академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташып келет. Натыйжада эки окуу жайдын студенттеринин, окутуучуларынын алмашуу программасы жана илимий изилдөөлөрү ишке ашууда.