30-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аталышындагы он биринчи аймактык студенттик илимий конференция уюштурулду. Иш-чарага түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан илимий макалалары менен 450гө жакын алдыңкы студенттер, магистранттар жана 150гө чукул алардын илимий жетекчилери катышты. Мындан тышкары окумуштуулар жана ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары да чакырылды.
Пленардык жыйында жети университеттин студенти баяндама жасады. Жаш илимпоздордун макалалары илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 20 секцияда талкууланды. Мыкты баяндамачыларга дипломдор, катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Конференциянын уюштуруучусу, Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжамал Анарбаеванын айтымында, иш чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө салым кошот. Анан да илимге кызыккан жаштардын, окуу жайлардын байланыштарын бекемдөөгө көмөктөшүүдө.
“Бул илимий иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, жалпы аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө, адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүүдө. Ошону менен бирге көптөгөн студенттердин мыкты билим алуусуна, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө шык-дем, түрткү берип келет. Конференциянын алгачкы катышуучулары аспирантураны аякташып, кандидаттык диссертацияларын коргоп калышты”, − деди Гүлжамал Анарбаева.
Жаш илимпоздорго арналган бул иш-чара 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз уштурулуп келет.