Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.
Жолугушууда Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, шаар куруу жана социалдык маселелер боюнча көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды. Шаар мэри Бакытбек Жетигенов жана анын орун басарлары, бөлүм башчылары бул жолугушууда шаардагы учурдагы көйгөйлөрдү илимий изилдөөлөрдүн негизинде чечүүнү максат кылып, сунуштарды угуу иштерин башташты.
Алдыда ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан ар бир тармак боюнча илимий негизделген сунуштардын берилишин камсыз кылуу максатында тиешелүү топтор түзүлүп, чечүү жолдору талкууланат.
Бул долбоордо Ош шаардык мэриясы жана муниципалдык мекеме ишканалары менен тыгыз кызматташтык орнотулат, натыйжада шаардагы көйгөйлөрдү системалуу жана комплекстүү чечүүгө арналган чаралар иштелип чыгат.