2-3-декабрда Бишкекте алгачкы ирет Бүткүл республикалык манас таануучулардын форуму өттү. Ага өлкөнүн жети облусунан келген жогорку окуу жайлардын жана колледждердин окутуучулары, мектеп мугалимдери, илимпоздор жана маданий ишмерлер катышты.
ОшМУдан Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун доценти Гүлжан Койчуманова катышып, “Манас” эпосун жайылтууда санарип технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү” боюнча баяндама жасаган. Анын айтымында, эпосту жаңы муундарга жеткирүү боюнча практикалык сунуштарды берген.
Иш чарага "Манас" улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, вице-президенти Назира Аалы кызы, академик Абдылдажан Акматалиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана башка ишмерлер да чакырылган. Алар “Манас" эпосунун улуттук маданияттагы, билим берүү процессиндеги маанисине токтолушту.
«Жыйынтыктыгында орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде “Манас” эпосун үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча сунуштар айтылып, санарип технологияларын колдонуу багыттары талкууланды. Катышуучуларга мүчөлүк күбөлүктөр жана сертификаттар тапшырылды. Форумдун соңунда эпосту изилдөө жана жайылтуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү тууралуу резолюция кабыл алынды. Бул форумдун өтүшү “Манас” эпосун заманбап шартта изилдеп, аны жаш муундарга жеткирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда», -дейт Гүлжан Койчуманова.
Форумду “Манас” Улуттук академиясы эпостун руханий жана маданий дөөлөт катары уникалдуу ордун бекемдөө максатында уюштурган. Мындан тышкары эпосту изилдөө, жайылтуу жаатында иш алып барган белгилүү окумуштууларды, педагогдорду жана коомдук ишмерлерди бириктирди.