Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде "Айтматов окуулары-2024" эл аралык илимий-практикалык форуму өтүп жатат. Иш чара 3-декабрда башталган. Бүгүн жыйынтыкталат.
Ага илимий кызматкерлер, профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү, жаш окумуштуулар, тилчи-мугалимдер, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн коомдук жана жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү катышууда. Форумда ОшМУнун доценти Дамира Асанова "Ч. Айтматов жана Кыргыз Республикасынын киноискусствосу" темасында баяндама жасады. Анын ишинде улуу жазуучунун кыргыз киноиндустриясын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу баяндалат.
Форум КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү, илимий-агартуу жана жаштар тармагында кызматташуусун күчөтүүгө багытталган. Натыйжада Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын комплекстүү изилдөө аркылуу анын мурасын терең түшүнүп, өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Иш-чараны Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги уюштурган. Ал эми Москва мамлекеттик лингвистикалык университети менен Славян университети колдоп берген.