Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыгын болтурбоо, анын кесепетин алдын алуу боюнча студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуу бүгүн, 4-декабрда Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду.
Анда адистер жол кырсыктарын камтыган видеолорду көрсөтүштү. Ал эми студенттер жол эрежелеринен сырткары айдоочулар үчүн кандай мыйзамдар каралганын, эреже бузгандарга көрүлгөн чаралар боюнча суроо беришти. Ошондой эле унаа жолдордо электросамокаттар, мопед жана велосипеддер менен катышкан кырсыктарды азайтуу боюнча маалыматтар айтылды.
Жолугушуу Ички иштер министрлигинин эки айлык иш-мерчеминин алкагында уюштурулду.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.
Кырсыкты алдын алуу үчүн башкармалыктын аймактардагы өкүлчүлүктөрү өспүрүмдөр арасында сынак жарыялап, алар менен жолугушуулары уюштурган. Жөө адамдар үчүн 700гө жакын профилактикалык иштер алып барылган.