Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчиси ОшМУда конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчиси ОшМУда конок лекция окуду

Image

Кыргызстандын Украина, Молдова, Румыния жана Болгариядагы элчиси Идрис Кадыркулов 4-декабрда Чыгыш таануу институтуна онлайн форматта конок лекция окуду.

Лекция "Кыргызстан-Украина дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада болду. Ага институттун студенттери, магистранттары, докторанттары жана профессордук-окутуучулук курам, ошондой эле ОшТУнун, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучулары да онлайн катышты. Анда бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Украинанын, Молдованын, Румыниянын, Болгариянын ортосундагы дипломатиялык байланыштын абалы, келечеги жана орус-украин конфликтери тууралуу айтылды.  Суроо-жооптор да орун алды.

Негизи Чыгыш таануу институтунда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен үзгүлтүксүз конок лекциялар уюштурулуп келет. Студенттерге дипломатиялык мамиленин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги, өлкөнүн эл аралык саясаттагы орду тууралуу маалыматтар берилүүдө.

 

Фото галерея