ОшМУда окутуучулардын спартакиадасы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окутуучулардын спартакиадасы өтүп жатат

Image

Профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлердин арасында XXXII спартакиада өтүүдө. Ага ректораттын, институттардын, факультеттердин, колледж-лицейлердин 40 жашка чейинки жана 40тан жогоркулар арасында түзүлгөн командалары катышууда.

Оюндар декабрь ичи болмокчу. Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашууда. 

Учурда алгачкы жыйынтыктар чыкты. Ага ылайык, ордо оюну боюнча Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун командасы биринчи орунду алды. СТЕМ колледжи экинчи, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту үчүнчү болду.

40 жаштан жогорку аялдар арасында волейболдон Медициналык колледжи биринчи орунга чыкты. Индустриалдык-педагогикалык колледжи экинчи болуп келсе, үчүнчү орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институту багындырды.

Ал эми баскетболдон 40 жаштан жогорку эркектер арасында биринчи орунду Экономика, бизнес жана менеджмент институту, экинчини Медицина факультети ээлесе, үчүнчү орунду Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту алышты. 

Учурда оюндун башка түрлөрү боюнча мелдештер жүрүп жатат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ректорат жана кесиптик кошуун тарабынан кубок, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылат. 

 

Фото галерея