Орус тили жумалыгы жыйынтыкталды 

Башкы Жаңылыктар

Орус тили жумалыгы жыйынтыкталды 

Image

2-6-декабрда Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда орус тили жумалыгы өткөрүлдү. Иш-чарада түрдүү сынактар уюштурулуп, студенттер ырдоо, көркөм окуу жана актердук чеберчилигин сынашты.

Ошондой эле биринчи курстун студенттери арасында орус тили боюнча олимпиада болду. Студент Мырзайым Аскарбековага Калмамат Абдиев атындагы атайын стипендия тапшырылды.

Стипендия жылына эки жолу берилет. Ал окуу семестринин жыйынтыгы менен жобого ылайык уюштурулат. Ар бир семестрде мыкты деп тандалган студентке 100 доллардан стипендия каралган.

Жумалык Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды. 

Аны орус тили курсу боюнча кафедранын окутуучулары демилгеленген. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга грамота, диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

 

Фото галерея