Өзбекстанда геодезия жана картография боюнча эл аралык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстанда геодезия жана картография боюнча эл аралык конференция өттү

Image

6-7-декабрда Ташкентте “Өзбекстанда геодезия, картография жана кадастр тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чара техника илимдеринин кандидаты, доцент Хамидхон Мубораковдун 85 жылдыгына арналып, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде уюштурулду. 

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти Динара Абжапарова геодезия, картография, географиялык маалымат системалары жана аралыктан зонддоо боюнча тажрыйба бөлүштү.

Конференцияда бул тармактагы акыркы тенденциялар жана жаңычылдыктар талкууланды. Ошондой эле географиялык маалымат системалары, жерди аралыктан зонддоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.  

 

Фото галерея