Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык маарекесине жана 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата ОшМУда тегерек стол уюштурулду. Анда өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалык багыттары талкууланды.
Иш-чарага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, Коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу комиссиянын төрагасы Абсамат Саттаров, структура жетекчилери, студенттер, Ош облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Кудаяр Байматов, Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Талантбек Койчуман уулу баштаган өкүлдөр катышты.
Жыйында жемкорлукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча баяндамалар жасалып, суроо-жооптор орун алды. Ал эми Абсамат Саттаров университетте бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Тегерек столдо ошондой эле жемкорлукка каршы күрөшүү, анын себептери жана натыйжалуу күрөшүү жолдорун табуу боюнча сунуштар айтылды. Катышуучулар аны алдын алуу үчүн мамлекет тараптан көрүлүп жаткан аракеттер, мыйзамдарды ишке ашыруу жана мекемелер арасындагы кызматташтык боюнча пикир алмашты.
Мындан сырткары институтта магистранттар жана студенттер арасында өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты. Катышуучулар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча социалдык видеороликтерди тартышкан.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.
Иш-чараны ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасы Ош облустук жана Ош шаардык прокуратурасы менен биргеликте уюштурду.