«ОшМУ» кыз-келиндер волейбол клубунун оюнчулары Айчолпон Турдалиева менен Аида Алижан кызына «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы ыйгарылды.
Наам аларга кечээ, 10-декабрда Кыргызстандын волейбол федерациясынын президентинин кубогунун ачылыш аземинде тапшырылды.
Айчолпон Турдалиева - Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экинчи курсунун студенти. Ал Кыргызстандын волейбол боюнча 20 жашка чейинки кыздар арасындагы улуттук курамдын оюнчусу.
Ал эми Аида Алижан кызы Индустриалдык-педагогикалык колледждин үчүнчү курсунда окуйт. Спортчу чоңдор арасында улуттук курамдын мүчөсү.
«ОшМУ» волейбол кыз-келиндер клубу 2020-жылы түзүлгөн. Команда Кыргызстандын үч жолку чемпиону болууга жетишти. Төрт жыл аралыгында ондон ашык спорт чеберин даярдады.