ОшМУда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган үч айлык жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган үч айлык жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинде «ОшМУ - мамлекеттик тилдин ордосу» аталышындагы үч айлык жыйынтыкталды. Иш-чара 19-декабрда окуу жайда болуп, “Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр - ОшМУда” кечеси менен коштолду.  

Окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү — Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору Керимбек Калыгулов, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын директору Абай-Нур Большевиков конок катары чакырылган. Алар жамаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштери менен бөлүштү.

“Үч айлыктын алкагында институт, факультет, колледж, лицейлерде мамлекеттүүлүк, улуттук нарк, кыргыздын тарыхы, каада-салты, сүйлөө, жазуу маданияты боюнча түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Мындай мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чакырык жасоо максатында уюштурулган иш-чараларда мыктылыгын көрсөткөн кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды”, - деди окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова.

 

Фото галерея