Ташкентте ЖОЖдордогу билим берүүнүн перспективалары талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

Ташкентте ЖОЖдордогу билим берүүнүн перспективалары талкууланууда

Image

Бүгүн, 20-декабрда Ташкентте Европа Союзу менен Өзбекстандын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат. 

"Жогорку билим берүүнүн өнүгүү перспективалары" деп аталган жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген ЖОЖдордун ректорлору, Erasmus+ жана Темпус долбоорлорунун катышуучулары, эксперттер, изилдөөчүлөр, аспиранттар жана студенттер катышууда. Анда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Эразмус+ долбоорлорунун окуу жайдын окуу процессине тийгизген таасири” деген темада баяндама жасады.

Конференциянын алкагында катышуучулары билим берүү системасын өнүктүрүү багытында пикир алышып, билим берүүдөгү алдыңкы жетишкендиктер, тенденциялар жана көйгөйлөр боюнча тажрыйба алмашууда.  

Европа Союзу менен Өзбекстандын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы Темпус (1994-2014) жана Erasmus+ (2014-2027) программаларынын алкагында жүргүзүлүп келет.

 

Фото галерея