ОшМУнун окутуучусу КМШнын эң мыкты изилдөөчүсү деп табылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу КМШнын эң мыкты изилдөөчүсү деп табылды

Image

Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гүлзада  Жумашова Ал-Фараби атындагы «КМШнын эң мыкты изилдөөчүсү - 2024» деп табылды. Ал медаль,  күбөлүк жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланды.

Жумашовага наамды 20-декабрда ОшМУнун административдик кеңешинин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев тапшырды. 

Ушул жылдын март айында Казакстандын «Бобек» жалпы улуттук ассоциациясы изилдөөчүлөр арасында сынак жарыялаган. Анда  илимпоздордун илимий-изилдөөлөрү, КМШнын билим берүү тармагына кошкон салымы каралган. Жыйынтыгында өзгөчө салым кошкон адистер аныкталган.

Фото галерея