Республикалык масштабда мугалимдердин квалификациясын жогорулаткан СТЕМ курстары

Башкы Жаңылыктар

Республикалык масштабда мугалимдердин квалификациясын жогорулаткан СТЕМ курстары

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп, республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан ишке ашырылып жаткан бул курстарга Ош мамлекеттик университетинин усулчулары тренер катары зор салым кошуп жатышат. ОшМУнун Билим мектеп-лицейинин математика мугалими Каныбекова Назгүл Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мектеп мугалимдерине билим берүүдөгү алдыңкы усулдарды жана технологияларды үйрөтүүдө. Бул тренинг төрт күндүк курстун алкагында өтүп, жалпы 72 сааттык программаны камтыйт. Буга чейин өлкө боюнча 80 тренер тандалып алынган.