ОшМУда альпинист спортчулар даярдалат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда альпинист спортчулар даярдалат

Image

23-январда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргыз альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту. Анда тараптар өлкөнүн спорт туризмин, тоо ГИДдерин даярдоо боюнча меморандумга кол коюшту. Максаты - республиканын түштүк аймагын өнүктүрүү болуп саналат.

Ага ылайык, ОшМУнун базасында кесипкөй альпинисттик секция ачуу пландалууда. Бул жумуштар ушул жылы ишке аша баштайт. Ал үчүн Альпинизм федерациясынын белгилүү машыктыруучулары окуу жайга келип, студенттерди машыктырат. Бул багытта атайын шарттар түзүлөт.

“Ошто, ОшМУнун базасында биринчи кыргыз улуттук алпинизм боюнча спортчуларды, машыктыруучуларды чыгарабыз”, -деди Эдуард Кубатов.

Ошондой эле ал мындай иш-аракеттерди колдоого алган окуу жайдын жетекчисине ыраазычылык билдирди.

Кол коюу аземине чейин Эдуард Кубатов университеттин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда студенттер менен жолукту. Анда келечек пландар боюнча кызыктуу талкууларды өткөрдү.

Эдуард Кубатов III даражадагы “Манас” орденинин ээси. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин алтын медалын алган. Дүйнөдөгү эң бийик Эверест (8848 м) чокусун багындырган алгачкы кыргыз альпинисти. Учурда Кыргыз альпинизм жана аскага чыгуу федерациясын жетектейт. 2024-жылы Гиннестин рекорддор китебине кирген. 

 

Фото галерея