Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Фарида Алиева, улук окутуучулар Гулнара Толубаева жана Уркуя Мураталиева 20-22-январь күндөрү Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде иш сапарында болушту.
Алар Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин китепкана фонду жана тарыхый музейи менен таанышты. Мындан сырткары Филология институтунун казак тил илиминин теориясы жана усулу, казак адабияты кафедрасынын жамааты менен жолугушту. Анда окутуу программалары, окуу-усулдук материалдары жана «Казтест» системасы менен кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.
Эки окуу жайдын факультеттер аралык кыргыз тили жана казак тил илиминин теориясы жана усулу кафедралары илимий-педагогикалык багытта кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишти.
Андан сырткары ОшМУнун тарыхы, учурдагы иш багыттары, жетишкендиктери, материалдык-техникалык базасы жана мамлекеттик тилдин окутулушу боюнча презентация жасалды. Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин проректору К. Магитаева ОшМУ жөнүндө жылуу пикир билдирди. Ал мындан ары кызматташтыкты күчөтүү боюнча сунушун айтты.
Кызматтык сапар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында ишке ашты.