Тоолуу аймактагы кол өнөрчү айымдар чийки заттардан буюмдарды жасоону үйрөнүштү

Башкы Жаңылыктар

Тоолуу аймактагы кол өнөрчү айымдар чийки заттардан буюмдарды жасоону үйрөнүштү

Image

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун улук окутуучусу Кимия Торогелдиева Алай  жана Чоң-Алай райондорунун кол өнөрчү айымдарын окутуудан өткөрдү. Алар жергиликтүү табигый чийки заттан жаңы дизайндагы буюмдарды колдо жасоону үйрөнүштү.

Окутуу Сары Могол айылында болду. Ага райондордон 30га чукул кол өнөрчү аялдар катышты. 

Сары-Могол — Ленин чокусун багындыруу маршрутунун башталган жери. Туристик мезгилде бул жерге чет жактан коноктор көп келет. Буга байланыштуу окутуудан өткөн айымдар буюмдарды жасап туристтерге сатыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Семинар Корея менен бирге ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюштурулду. Долбоор жергиликтүү чийки заттарды колдонуп, туристтерге сапаттуу буюмдарды жасоого багытталган. Максаты – Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү менен бирге, туризмди көтөрүүгө салым кошуу болуп саналат.

 

Фото галерея