Мамлекеттик кызматта иштегендер ОшМУда квалификациясын жогорулатат

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик кызматта иштегендер ОшМУда квалификациясын жогорулатат

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча тапшырма берилген. Анын негизинде президентке караган Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы быйыл өлкө боюнча 8000ден ашуун кызматкердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окутууларды өткөрөт.  Буга байланыштуу 7-февралда академиянын өкүлдөрү расмий иш сапары менен ОшМУда болушту. Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кызматташуу келишимин дагы бир жылга узартты.

Келишимдин алкагында түштүк аймагындагы 1400дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер окутуудан өтөт. Буга чейин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун окутуучулары 500гө жакын  мамлекеттик кызматкерди квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окутуудан өткөргөн. Анда аймактарды өнүктүрүүдө системалуу иш, жөндөмдүү адистерди ишке тартуу, экономикалык жана социалдык милдеттер боюнча жалпы 10 темада окутуу жүргүзүлгөн.

Фото галерея