Бүгүн, 1-мартта Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында ишембилик өтүп жатат. Ишембиликке ОшМУнун бардык институт, факультет жана колледждеринин студенттери катышты.
Мында алар бак дарактарды актап, айланасын тазалоодо. Аны менен бирге көчө боюндагы тротуарларды , арыктарды таштандылардан тазалашты.Жаштар бул аракети менен калаа тургундарын тазалыкка чакырат.
Ош мэриясынын демилгеси менен 1-марттан тарта шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды. Алдыда көчөлөр, эс алуучу жайлар тазаланып, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлөт. Жазгы үч айлыктын байге фонду миллион сом. Анда мыкты көчө, муниципалдык ишкана, социалдык мекеме, көп кабаттуу үй жана калаанын көрктөндүрүүсүнө салым кошкон жеке менчик ишкана аныкталат.