Президенттин кеңешчиси, тарыхчы, журналист, публицист жана жазуучу Арслан Капай уулу ОшМУнун Чыгыш таануу институтутуна конок лекция окуду.
Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Түрк дүйнөсү жана улуу державалар" деген темада болду. Ага студенттер, магистранттар, докторанттар жана профессордук-окутуучулук курам катышты.
Институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев лекторго ыраазычылык билдирип, конок лекциялар үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жатканын белгиледи.
Арслан Капай уулу Лондон университетинин Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. "Азаттык" үналгысында кабарчы, “Би-Би-Синин” кыргыз кызматынын продюсери болуп эмгектенген.