Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы Абдуганы Абдурасулов «Заманбап шартта илим-билим чөйрөсүндө кооперациялоонун чакырыктары» аталышындагы конференцияга катышты.
Иш-чара 27-28-февраль күндөрү Орусиянын Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясында болду. Абдурасулов Кыргызстандын мал чарбасынын жана ветеринардык кызматтын азыркы абалы тууралуу презентация жасап, студенттерге лекция окуду. Ошондой эле ОшМУнун ветеринария багытында жасап жаткан иштерине токтолду.
Сапардын алкагында Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы менен академиялык мобилдүүлүк программасы сүйлөшүлдү. Ошондой эле Кыргызстандагы уй чарбасы, анын ичинде Ала-Тоо породасындагы малдын генофондун костром породасын колдонуу менен жакшыртуу талкууланды. Мындан сырткары аарычылыкта, мал чарбасында тоюттандыруунун жана кайра иштетүүнүн жаңы технологияларын колдонуу боюнча илимий долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылды.