Бүткүл дүйнөлүк иммунитет күнүнө арналган иммунология боюнча республикалык студенттик олимпиада ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин MicroAvengers командасы 1-орунду ээледи.
Ал эми экинчи орунду Салымбеков университетинен барган команда ээлесе, үчүнчүнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин командасы жеңип алды.
Олимпиада 1-мартта Кыргыз-Орус Славян университетинде өтүп, ага өлкөдөгү медицина багытында билим берген университеттерден
сегиз команда катышты. Студенттер теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарып, иммунология, биология жана медицина тармагындагы билимин бекемдеди.
Бүткүл дүйнөлүк иммунитет күнү 2002-жылдан бери 1-мартта белгиленип келет.