ОшМУнун жетекчилиги футболчулар менен жолукту 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жетекчилиги футболчулар менен жолукту 

Image

Бүгүн, 3-мартта Ош мамлекеттик университетинин проректорлору Курсантбек Аттокуров, Уларбек Молдояров  жана “ОшМУ” футболдук  клубунун вице-президенти Мирланбек Убайдуллаев жаңы сезон алдында футболчулар менен жолукту.

Анда клубдун директору Айбек Сулайманов былтыркы сезондогу оюндар боюнча отчет берди. Ага ылайык, ОшМУнун командасы 2024-жылы Кыргызстандын Премьер-Лигасында 10 команданын ичинен жетинчи орунга ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кубогунда татыктуу оюн көрсөтүп, жарым финалга чейин жеткен.

Ал эми жаңы сезонго даярдануу үчүн окуу-машыгуулар Ысык-Көлдө жана Ташкент шаарында болуп өткөн. Бул жылдагы алгачкы оюндар 4-мартта башталат. Анда “ОшМУ” футбол командасы Дордой менен беттешет. 

Быйылкы сезондо чемпиондук үчүн 14 команда ат салышат.

 

Фото галерея