ЖК депутаттарына ОшМУнун "Курбу-Таш токой" долбоору тааныштырылды

Башкы Жаңылыктар

ЖК депутаттарына ОшМУнун "Курбу-Таш токой" долбоору тааныштырылды

Image

ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын 14-марттагы жыйынына катышты. Анда ал окуу жай USAID, “Ага Хан” фонддору менен бирге аткарып жаткан “Курбу-Таш токой" долбоору боюнча маалымат берип, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Университеттин окутуучулары жана студенттери 2017-жылдын апрель-май айларында Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылын басып калган жер көчкүнүн ордунда токой-чарбалык жана биорекультивациялык илимий-изилдөө  жүргүзгөн. Жыйынтыгында “Курбу-Таш токой” илимий-өндүрүштүк долбоору иштелип чыккан. 100 гектар жер аянты тосмого алынып, учурда анын 50 гектарга жакынында түрдүү дарактар менен бадалдардын көчөттөрү отургузулуп, өстүрүлүп жатат.

Жыйында өлкө аймагындагы мөңгүлөрдүн абалы жана аларды сактоо, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы маселелер каралды.


 

 

 

Фото галерея