ОшМУда инновациялык питомник чарбасы түзүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда инновациялык питомник чарбасы түзүлдү

Image

Кара-Суу районунун Мады айылында ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борбору тарабынан инновациялык питомник чарбасы түзүлдү. Мында 3,5 гектар жерге жаңгак токою уюштурулууда.

5-апрелде көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өтүп, ага окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Элзар Эшаров, Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров баштаган ректораттын өкүлдөрү катышты. Мында жаңгактын тез мөмөгө кирүүчү 400 түп көчөтү отургузулду. 

Инновациялык питомник чарбасы буга чейин ОшМУ, Ош токой чарбасы жана жеке ишкер ортосунда кабыл алынган меморандумга ылайык өнөктөштүктө ишке ашууда. Документте белгиленген планды ишке ашыруу боюнча тараптар ортосунда келишим кабыл алынган. 

 

Фото галерея