Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата 19-апрелде Бишкекте тэг-регби боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өттү. Мелдешке жалпы жети команда катышып, жыйынтыгында ОшМУэкинчи орунга ээ болду.
ОшМУнун тэг-регби боюнча курама командасы 2022-жылы түзүлгөн. Учурда анда 30 оюнчу бар. Команданын курамын негизинен дене тарбия адистигинин студенттери жана окутуучулары түзөт. Курама команданын машыктыруучусу аталган факультеттин окутуучусу Шумкарбек Окен уулу. Буга чейин команда Улуу Британия, Өзбекстанда окуу-машыгуулардан өтүп келген.
Регби-7 олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Кыргызстанда 2001-жылы Регби федерациясы түзүлгөн.