Түштүк аймагындагы жана Ош шаарындагы 150гө жакын мектеп мугалимдери функционалдык сабаттуулукту жогорулатуунун ыкмалары, жаңы технологияларды жана заманбап усулдарды колдонуу, иш берүүчүлөр менен кызматташуу, ЖРТга даярдоо методдорун талкуулашты.
“Кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы актуалдуу маселелер” аталышындагы иш-чара 19-апрелде ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда өттү. Анда белгилүү окумуштуулар жана тажрыйбалуу окутуучулар кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу, эне тилин окутууда когнитивдик лингвистиканын принциптерин колдонуу боюнча маалымат беришти.
Ошондой эле инновациялык методдорду киргизүү, санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү жана дөгү баалоо системасы тууралуу да сөз болду.
Мындан тышкары окуучуларды кыргыз тили, адабияты сабактарында жомок жана изотерапиялардын негизинде кол өнөрчүлүк аркылуу тарбиялоонун усулдары боюнча мастер класс көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, резолюция кабыл алынды. Анда кыргыз тили жана адабиятын окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар белгиленип, билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташтыктын маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле мектептердин, кесиптик лицейдин директорлору менен инститтутун ортосунда кызматтык келишимдерге кол коюлду.