ОшМУнун стартаперлери BATKEN 4.0 хакатонунунда жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун стартаперлери BATKEN 4.0 хакатонунунда жеңишке жетти

Image

Баткен шаарында өтүп жаткан BATKEN 4.0 хакатонунун финалдык этабы 21-апрелде жыйынтыкталды. Анда Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркынан чыккан, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттеринен турган  AgroTech командасы «Суу берүү кезегин башкаруу платформасы» аттуу санариптик долбоору менен катышып, экинчи орунду алды. Команда 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.

ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү иштеп чыккан санариптик платформа фермерлерге сугат суусун берүү кезегин ачык-айкын башкарууга, ошондой эле сугат шлюздарын ижарага алууну жеңилдетүүгө багытталган.

Иш-чара Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган. Ага Кыргызстан боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки 90го жакын стартапер катышты. Алардын ичинен элүүсү жарым финалга өттү. Он беш команда финалдык баскычка чыгып, өз идеяларын, бизнес-моделдерин жана продукттун минималдуу жашоого жөндөмдүү версияларын (MVP) сунушташты.

Хакатон студенттик жана жаштар ишкердүүлүгүн колдоо менен бирге, Кыргызстандын аймактары үчүн заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу максатында уюштурулуп келет. Иш-чара Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин демилгеси менен Эл аралык байланыш бирикмеси, Германиянын эл аралык кызматташтык коомдугу, Баткен мамлекеттик университети, Министрлер кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик, Geeks IT эл аралык академиясы менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

 

Фото галерея