Кытай – Борбор Азия кызматташтыгы саммитинде ОшМУ менен Синьцзян университети медлаборатория курууну сүйлөштү

Башкы Жаңылыктар

Кытай – Борбор Азия кызматташтыгы саммитинде ОшМУ менен Синьцзян университети медлаборатория курууну сүйлөштү

Image

12-майда Кытайдын Синьцзян шаарында өткөн эл аралык саммитте ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университет менен Синьцзян-Уйгур автоном районунун окуу жайлары жана мекемелеринин ортосунда жүргүзүлүп жаткан кызматташуулар тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлор жаатындагы ийгиликтерди белгиледи.

Иш сапардын алкагында Синьцзян университетинин Экинчи ооруканасы менен Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборунун кызматташтыгынын алкагында Бешинчи лабораторияны куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Дарыгерлер менен тажрыйба алмашууну жана ординаторлордун академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу макулдашылды. 

Саммит “Кытай–Борбор Азия кызматташтыгы: өндүрүш, билим берүү, илимий изилдөөлөр жана колдонмо технологиялар” темасында өтүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери, Кытайдын жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Катышуучулар аймактык өнүгүү жана коопсуз кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында бир катар жаңы келишимдерге кол коюлуп, илимий-изилдөө институттарын куруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жетишилген.











 

Фото галерея