Окутуучулар эки облуста инклюзивдик билим берүү боюнча окутуу өткөрдү 

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар эки облуста инклюзивдик билим берүү боюнча окутуу өткөрдү 

Image

Жалал-Абад облусунда 150гө жакын жаран инклюзивдик билим берүүнүн келечеги, көйгөйлөрү жана чечүү жолдору боюнча окутуудан өтүштү. Алардын катарында билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору, мамлекеттик, социалдык, илимий кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү болду.

Окутууну ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары уюштурду. Иш-чарада майыптыгы бар жаштар үчүн түзүлүп жаткан виртуалдык маалымат-консультациялык платформа тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар Enactus командасынын “GFinger” жана “GFace” аттуу долбоорлору менен таанышып, кызуу талкуулар жүрдү.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар практикалык сунуштар да айтылды. Алсак, ОшМУда логопед, дефектолог, сурдопедагог жана тифлопедагог адистерин даярдоо, социалдык кызматкерлерди кайра даярдоо үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу зарылчылыгы белгиленди.

Мындай окутуу буга чейин Баткен облусунда өткөрүлүп, ага 70тен ашуун жаран катышкан. 

Окутуу социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Кундузхан Каримованын жетекчилиги астында, университеттин ички гранты аркылуу колдоо тапкан илимий изилдөө долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Фото галерея