Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, өлкөдө руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоого багытталган иштер жүргүзүлүп жатат. Ага ылайык, алгачкылардан болуп ОшМУда 22-майда «Уңгу жол: учур жана келечек» аттуу илимий жыйын өттү. Иш-чарага Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, тарых илимдеринин доктору, өлкөнүн илимине эмгек сиңирген ишмер Сулайман Кайыпов жана акын, жазуучу, тарых илимдеринин кандидаты Баяс Турал катышып, баяндамаларын жасашты.
Баяндамаларда “Уңгу жол” деген түшүнүк — элдин тилин, тарыхын, салт-санаасын сактап калуу гана эмес, мекенди сүйгөн, жоопкерчиликтүү жаштарды тарбиялоо экендиги айтылды. Ошондой эле салтты унутпай, замандын талабына жараша тең салмак табуу керектиги баса белгиленди.
Баяндамалардан кийин катышуучулар кызыккан суроолорун беришти. Коноктор тарабынан бул багытты жаштарга кандайча жеткирүү керектиги тууралуу пикирлер айтылды.
Уңгужол илимий конференциясы алдыда өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү мекемелеринде өтөрү пландалып жатат. Ал эми бүгүнкү жыйынды ОшМУнун алдындагы Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр борбору өткөрдү.
Иш-чара соңунда окуу жайдын атынан конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.