ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери Бухара шаарында өткөн «Абу Али ибн Синонун илиминен — Үчүнчү Ренессанска» аттуу медициналык ЖОЖдор арасындагы эл аралык олимпиадага катышышты.
Анда студенттер Дилфуза Нурматова менен Марзия Ажибаева «Балдардын ооруларын пропедевтикасы» дисциплинасында III даражадагы дипломдорго ээ болушту. Ал эми Гүлчехра Арибжанова «Педиатрия» дисциплинасы боюнча III орунду алды.
Олимпиада үч баскычта өттү. Катышуучулар тест тапшырып, клиникалык ой жүгүртүү жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Билим таймашына Орусия , Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын алдыңкы медициналык университеттеринен 500дөн ашуун студенттер катышты.
ОшМУнун студенттерин медицина факультетинин педиатрия 1 кафедрасынын башчысы Курсанбек Турдубаев жетектеп барды. Сапардын алкагында Турдубаев Бухара мамлекеттик медициналык институтунун эки кафедрасынын студенттерине «Эмчек сүтүнүн балдардын нерв системасына тийгизген таасири» жана «Эмчек сүтүнүн баланын интеллектуалдык өнүгүшүндөгү мааниси» темаларында конок лекцияларды окуду.