Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору ОшМУда конок лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору ОшМУда конок лекция өттү

Image

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов  ОшМУдагы иш сапарынын алкагында бүгүн, 23-майда окутуучуларга  жана студенттерге  конок лекция окуду. Баяндама «Социалдык башкаруунун теориясы жана практикасы» темасында болду.

Анда катышуучулар коомдук институттардын иштөө механизмдери, мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы башкаруу моделдери жана жарандык коом менен өз ара аракеттешүүнүн ыкмалары тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле социалдык башкаруунун негизги түшүнүктөрү, теориялык ыкмалары жана практикалык колдонмолору талданып, заманбап коомдогу социалдык процесстерди жөнгө салуудагы ролу тууралуу айтылды. 

Мындан сырткары Салават Сагитов  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Анда тараптар ОшМУ менен Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча пикир алышты.

 

Фото галерея