Педагогикалык багыттагы студенттер арасында “Брейн ринг” интеллектуалдык таймашы өттү

Башкы Жаңылыктар

Педагогикалык багыттагы студенттер арасында “Брейн ринг” интеллектуалдык таймашы өттү

Image

ОшМУда педагогикалык багытта билим алган студенттер арасында ири деңгээлдеги “Брейн ринг” интеллектуалдык таймашы уюштурулду. Ага 11 команда катышып, таймаш үч тур менен өттү. 

Анда катышуучулар өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык иштешүү жөндөмүн сынашты. Жыйынтыгында кыргыз тилдүү команда — кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери, орус тилдүү команда — орус тили жана адабияты адистигинин студенттери жеңүүчү болду.

Таймашты Педагогика кафедрасынын жамааты демилгелеген. Максат студенттерди шыктандырып, педагогика илимин терең өздөштүрүүгө шарт түзүү.

Мындан тышкары 17-май күнү англис тилин мыкты өздөштүргөн студенттер үчүн англис тилинде өзүнчө жекече таймаш уюштурулду. Анда англис тили адистигинин беш студенти мыкты жыйынтык көрсөтүштү.

Фото галерея