ОшМУнун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы жана Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институту 1-июндан 9-июнга чейин «Эконом-географтардын евразиялык конгрессин» уюштурду.
Ага ОшМУ, ОшТУ, БатМУ, Баласагын атындагы КУУ, Карасаев атындагы БМУнун эконом-географтары жана экономисттери, Германия, Казакстан, Кытай, Польша, Орусия, Сербия жана Өзбекстандан 48 окумуштуу катышты.
Иш-чаранын ачылыш аземи 2-июнда ОшМУнун “Congress Resort OshSU” борборунда болуп, эки пленардык жана эки секциялык отурумда 23 илимий баяндама угулду.
5-июнда конгресстин иши Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уланып, он тематикалык илимий баяндама жасалды.
Тематикалык багыттарынын илимий-практикалык негиздерин ишке ашыруу максатында Көк-Бел, Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашуулары аркылуу Ош-Жалал-Абад-Токтогул-Кара-Балта-Бишкек маршруту боюнча талаалык жүрүүлөр уюштурулду.
Чыйырчык жана Талдык ашуулары аркылуу Ленин чокусунун зонасына катышуучулар 3200 метр бийиктикте Кырчын жайлоосунда нан жана ун азыктарын жасоо, кымыз даярдоо боюнча мастер-класстарга күбө болушту. Мындан сырткары кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты. Ысык-Ата курорттук аймагына илимий-таанып билүүчүлүк экспедициялар уюштурулду.
Андан ары катышуучулар Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айлындагы “Дельфин” спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерине жайгашып, көл жээгиндеги туристтик кызматтар менен таанышышты. Каракол шаарындагы Н.М.Пржевальскийдин музейине жана шаардын башка тарыхый-маданий эстеликтерине зыярат кылышты.
Иш-чаранын илимий-практикалык бөлүгүн ишке ашырууда конгресстин катышуучулары Кыргызстандын аймагы боюнча бир багытта гана 1425 км жол басып өтүштү.