ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин кош дипломдуулук программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктайт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин кош дипломдуулук программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктайт

Image

ОшМУ менен Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин ортосундагы кош дипломдук билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү 10-июнда магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.

Магистрант Перизат Рустамбек кызы «Чет тилдерин үйрөтүүдө көркөм тексттердин дидактикалык потенциалы» жана Аида Осмонова «Чет тилдерин үйрөтүүдө медиакоммуникативдик компетенттүүлүк» темасында диссертация жакташты. Коргоо ЕНУнун чет тилдер теориясы жана практикасы кафедрасында өттү. Магистранттар жакынкы күндөрү эки университеттин дипломдорун алышат. 

Бул программа эки окуу жайдын рынок талаптарына жооп берген кадрларды даярдоодогу алгачкы ийгиликтүү тажрыйбасы болуп саналат. Кызматташтык мындан ары да башка багыттар жана адистиктер боюнча улантылат.

ОшМУ Евразия улуттук университети менен 2018-жылдан тартып кызматташып келет. Бул аралыкта 500дөн ашуун студент академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышты. Кош дипломдуу билим берүү боюнча университеттер 2022-жылы келишимге кол коюшкан. Анын негизинде алты биргелешкен билим берүү программасы түзүлгөн. Алар:

  • бакалавриат боюнча: орус тили жана адабияты, котормо иши, журналистика; чет тили: эки чет тили;
  • магистратура боюнча: физика, чет тили: эки чет тили. 

 

Фото галерея