Кечиккендер үчүн ЖРТга каттоо же кайра каттоо 10-июндан 18-июнга чейин жүргүзүлөт

Башкы Жаңылыктар

Кечиккендер үчүн ЖРТга каттоо же кайра каттоо 10-июндан 18-июнга чейин жүргүзүлөт

Image

Кечиккендер үчүн ЖРТга каттоо же кайра каттоо 10-июндан 18-июнга чейин жүргүзүлөт.

Мектептин жана колледждердин айрым бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептер менен тестке өз убагында катыша албай калгандагына байланыштуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана ББОУБ кечиккендер үчүн ЖРТнын III этабын жарыялайт.

Кечиккендер үчүн ЖРТга каттоо же кайра каттоо:

  • 10-июндан 18-июнга чейин жүргүзүлөт.
  • Ал эми тест 20-июндан 22-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт.

ЖРТ 2025ке катышпай калгандар гана бул тестке каттала алат!

ЖРТга каттоо же кайра каттоодон өтө турган дарек:

  • Бишкек шаары, №24 мектеп. Тыныстанов көчөсү  110.
  • Ош шаары, Ош шаардык билим берүү бөлүмү. Ленин көчөсү 308.

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ! Эгерде абитуриент ЖРТ 2025 үчүн катталган болсо, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса жана анын каттоо номери болсо, анда ал кечиккендер үчүн тестке каттоо жеринен кайра каттоодон өтүшү керек.

Эгер сиз негизги тестти тапшырып, бирок мамлекеттик тил боюнча тестти же предметтик тесттерди тапшырууга үлгүрбөсөңүз, кечиктирилген тестке кайрадан каттоодон өтүшүңүз керектигин дагы унутпаңыз!

Мындай учурларда абитуриент 3-форманы (тестке кирүү талонун) жана инсандыгын тастыктаган документти (паспорт) алып келиши керек.

Эгерде абитуриент 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жана окуп жаткан мектептен алынган маалымкат керек. Маалымкатта сүрөт чапталып, мектептин мөөрү сүрөттүн чекесине басылышы керек.

Эгерде абитуриент тестке кирүү талонун жоготуп алган болсо, анда ал кечиккендер үчүн тестке каттоо жеринен кайрадан тестке кирүү талонунун дубликатын алуу үчүн арыз жазышы керек.

ЭСКЕРТҮҮ: ЖРТ 2025тен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер кайра каттала албайт же каттоодон өтө албайт!

Каттоо үчүн керектүү документтер:

  • Инсандын өздүгүн тастыктаган документ (паспорт же аскердик билет), инсандыгын тастыктаган документтери жок абитуриент тестке кире албайт.
  • «Элдик» банктан (РСК)  же  «О!Деньги», «MegaPay» уюлдук  тиркемесинен  каттоо акысын төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (квитанция).
  • ЖРТга катышуу үчүн каттоо акысы – негизги тест үчүн 470 сом жана ар бир предметтик тест үчүн 470 сом.  Ал эми мамлекеттик тил боюнча тест – 200 сом. Каттоо акысы «Элдик» банк аркылуу же же  «О!Деньги», «MegaPay»  уюлдук тиркемелери аркылуу төлөнөт. (чыгарылган дүмүрчөк (квитанция) сөзсүз болушу керек).
  • 3*4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт.
  • Орто билими жонүндо аттестаттын же орто атайын окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун түп нускасы. 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү директор тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана мектептин мөөрү басылган маалымкат тапшырышат. Маалымкатта окуу  жайдын мөөрү сүрөттүн сол бурчуна басылууга тийиш.

Абитуриенттер алган упайларынын саны көрсөтүлгөн сертификатты              2025-жылдын 1-июлунан кийин ББОУБдун кенсесинен жа Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн алышат.

ББОУБ ЭСКЕРТЕТ!

Жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер жалпы республикалык тестке катталууга жана аны тапшырууга укугу жок!