
Бүгүн, 13-июнда Кытайдын Гуандун провинциясынын Өнөр жай жана соода кесиптик-техникалык колледжинин парткомунун катчысы Хэ Ханьу баштаган делегация, Хю Бо компаниясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй жетектеген өкүлдөр Ош мамлекеттик университетине келишти.
Жолугушууда тараптар билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш, IT-технология, робототехника багыттарында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Ошондой эле ОшМУдагы "Келечек муундун ХАБы" борборунун алкагында ачылган Интеллектуалдык жабдуулар боюнча инженердик институттун тасмасы кесилди.
Андан сырткары тараптар Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда бир нече билим берүү программалары боюнча студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу, конок лекцияларды уюштуруу, лабораторияларды ачуу сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Аталган жолугушуу ректор Кудайберди Кожобековдун Кытайга болгон иш сапарында кызматташтыкты улантуу боюнча түзүлгөн меморандумдун алкагында өттү.