Спорт чебери Осмонали Караевдин элесине арналган турнир өттү

Башкы Жаңылыктар

Спорт чебери Осмонали Караевдин элесине арналган турнир өттү

Image

 

13-июнда ОшМУда дене тарбия жана спорттун отличниги, билим берүүнүн мыктысы, спорт чебери Осмонали Караевдин элесине арналган ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамы арасында волейбол боюнча мемориалдык турнир өттү.

Ачылыш аземине маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү, бир туугандары, кесиптештери, достору, окуу жайлардын волейбол командалары катышты. Мелдеште Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку окутуучулары таймашты. Ошондой эле Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамында ойногон жаш окутуучулар да катышты.

Жыйынтыгында 40 жаштан жогорку категорияда биринчи орунду Ош мамлекеттик университети, экинчи орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университети алды. Ал эми үчүнчү орунду Ош облусунун 1982-жылкы мырзаларынан куралган команда ээледи. 40 жашка чейинкилер арасында биринчиге ОшМУ, экинчи орунга КУМУ, үчүнчү орунга Ош технологиялык университети татыды. Жеңүүчүлөргө ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Аталган турнирди Караевдин кесиптештери уюштуруп, ОшМУнун кесиптик бирлиги каржылады.

Осмонали Караев волейбол, жеңил атлетика боюнча спорт чебери болгон. Ал былтыр 42 жаш курагында кырсыктан улам көз жумган.

Фото галерея